Окуу-маалымат бөлүмү – окуу процессин түзгөн, уюштурган жана көзөмөлдөгөн университеттин структуралык бөлүмү. Бөлүмдүн негизги максаттарын окуу жайдагы окуу процессинин жүрүшүн жакшыртуу, модерндештирүү, билимдин сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле окуу процессин уюштуруу боюнча маселелерде университеттин сруктуралык бөлүмдөрүн башкаруу, координациялоо жана көзөмөлдөө түзөт.
Кызматкерлердин курамы
Ф.А.А
| Ээлеген кызматы | Аткарган милдети |
Исмаилова Асылгул Маликовна | Окуу бөлүмүнүн башчысы | ОМБнын кызматкерлеринин ишине жалпы жетекчилик кылат, алардын арасында кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт. Окуу иштеринин маселелерине тиешелүү Билим берүү жана Илим министрлигине караштуу мекеме уюмдардын каттарына жооп даярдайт, окуу процесси менен байланышкан каттарга жана даттанууларга жооптордун тууралыгын жана өз убагында жөнөтүлүшүн текшерет. Окуу пландарын жана окутуунун жаңы технологияларын колдонуу боюнча жумуштарды уюштурат. |
Мирали к. Анара
| Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы | Студенттерди практикага чыгаруу үчүн ишкана,мекемелер менен келишим түзүп, студенттердин практикасы жобонун негизинде өтүлүшүн көзөмөлдөйт, практиканын жүрүшүн анализдейт. Практиканын жарым жылдык жана жылдык иштерин пландаштырып отчет берет. |
Кулдашева Рахат | Жетектөөчү адис | Студенттердин контингентин, окуу жылынын жыйынтыгы боюнча сандык отчетторду кабыл алат. 2-НК, 3-НК отчетторун даярдайт. Факультеттерде окуу-процессинин жүрүшүнө(эмгек тартибинин сакталышы, студенттердин сабакка катышуусу, семестрдик пландардын аткарылышы, модулдардын жүрүшү, сессиянын жүрүшү, мамлекеттик аттестациянын жүрүшү) AVN боюнча ж.б. кошумча иштерге түздөн-түз көзөмөл жүргүзөт. |