СГЭИнин окумуштуулары

БатМУ СГЭИнин окумуштуулары тууралуу маалымат

м.и.д., профессор Тухтаев Турсунбой Махмудовичтин илимий эмгектеринин тизмеси

ф.и.к. БатМУнун профессору Машрабов Абдумалик Амировичтин илимий эмгектеринин тизмеси

т.и.к., доцент Курбонов Абдукаюм Давлятовичтин илимий эмгектеринин тизмеси

п.и.к., доцент Абдуллаев Рузимурат Мамаджановичтин илимий эмгектеринин тизмеси

ф.-м.и.к.,доценттин м.а. Толубаев Жоро Осмоновичтин илимий эмгектеринин тизмеси

ф.-м.и.к.,доценттин м.а. Байгесеков Абдибаит Мажитовичтин илимий эмгектеринин тизмеси

ф.и.к., доценттин м.а. Эржигитова Шааргуль Жамалидиновнанын илимий эмгектеринин тизмеси

ф.и.к., доценттин м.а. Шерова Атыргүл Каарбаевнанын илимий эмгектеринин тизмеси

э.и.к. Дехконов Улугбек Абдухалиловичтин илимий эмгектеринин тизмеси

Илимий-изилдөө иштери

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕР БОЮНЧА БАГЫТТАР

Илимий – изилдөө иштери боюнча багыттары

Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун илимий-изилдөө иштери профессордук-окутуучулардын жана студенттердин арасында системалуу түрдө жүргүзүлүп, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү төмөнкүдөй багыттарды өз ичине камтыйт:

– Кыргызстандын түштүк – батыш чөлкөмүнүн тилдик өзгөчөлүктөрүн иликтөө (фонетика, диалектика, лексика);

– Кыргызстандын түштүк – батыш чөлкөмүнүн экологиясын иликтөө;

Кыргызстандын түштүк – батыш чөлкөмүнүн этнологиясын иликтөө;

– Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана өнүгүү перспективалары;

– Түштүк-батыш чөлкөмүнүн жазуучуларынын чыгармаларындагы педагогикалык ой-чабыттары.

– Ошондой эле элдик педагогика, психология, фольклор, социалдык-гуманитардык жана экономикалык көйгөйлөр, математика жана физика жаатында да бир канча ийгиликтүү изилдөөлөр жүргүзүлүп келет.

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНИН ЖЫЛДЫК ИШ ПЛАНЫ

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНИН ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУ

2021-жылда кандидаттык диссертацияларды коргоо

Дехконов Улукбек Абдихалилович 2021-жылдын 29-январында К.Т.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин алдындагы экономика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгыруу боюнча түзүлгөн Д.08.20.606 диссертациялык кенешинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын региондорун туруктуу тен салмактуу өнүктүрүү механизмдерин калыптандыруу” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси э.и.д., профессер, “Г.Ф.Морозов атындагы Воронеж мамлекеттик токой-техникалык университетинин” ЖББ ФМБББМнин “Экономика жана финансы” кафедрасынын башчысы Безрукова Татьяна Львовна.

2019-жылында кандидаттык диссертацияларды коргоо

Шерова Атыргуль Каарбаевна “Манас” эпосунун фоностатистикасы” аттуу темада филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациясы 10.02. 01 – кыргыз тили адистиги боюнча Баткен мамлекеттик университетинин институттары аралык Кыргыз тил таануу кафедраларынын бириктирилген отурумунун токтому менен коргоого сунуш кылынып, Шерова А. К. 2019-жылдын 20-декабрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д. 10. 19. 594 Диссертациялык кеңешинин жыйынында “МАНАС “ ЭПОСУНУН ФОНОСТАТИСТИКАСЫ” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси: Садыков Ташполот Садыкович – филология илимдеринин доктору, К. Карасаев атындагы БМУнун кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын профессору.

2018-жылында кандидаттык диссертацияларды коргоо

БатМУ САИде 2017-2018-окуу жылына карата эки ага окутуучулар кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту. Атап айтсак: Педагогика жана экономика факультетинин деканы, “Табигый илимдер жана маалымат технологиялар” кафедрасынын ага окутуучусу Байгесеков Абдибаит Мажитович 2018-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын алдындагы Математика институтунун жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин физика-математика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д.01.17.560 диссертациялык кеңешинин жыйынында “Развитие исследований свойств решений интегральных и интегродифференциальных уравнений Вольтера-Силтьеса” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси: физика-математика илимдеринин доктору, профессор Асанов А.

Ошондой эле, Педагогика жана экономика факультетинин “Филологиялык жана педагогикалык билим берүү” кафедрасынын ага окутуучусу, Эржигитова Шааргул Жамалидиновна 2018-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын алдындагы Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, Ош Мамлекеттик Университетинин жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян Университетинин филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д.10.17.547 диссертациялык кеңешинин жыйынында “Ономасиологический аспект изучения терминов родства и свойства женского пола в кыргызском и русском языках” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси: филология илимдеринин кандидаты, доцент Машрабов А.А.

2016-жылы кандидаттык диссертацияларды коргоо

Педагогика жана экономика факультетинин “Филологиялык жана педагогикалык билим берүү” кафедрасынын ага окутуучусу, илим иликтөөчү Камбарова А.К. 2016-жылдын 1-декабрында Тажик Республикасынын Душанбе шаарында Тажик улуттук университетинин ректору, Д.737.004.03 диссертациялык кенештин №48 приказынын негизинде 10.01.03. – “Чет элдер адабияты (тажик адабияты)“ адистиги боюнча “XX кылымдын экинчи жарымындагы тажик-кыргыз адабий байланыштары (С.Айни жана М.Турсунзаденин чыгармачылыгынын мисалында)” аттуу илимий-изилдөө темасында кандидаттык диссертациясын 2017-жылдын 9-февралында ийгиликтүү коргоду.

Педагогика жана экономика факультетинин “Табигый илимдер жана экономика” кафедрасынын ага окутуучусу, илим иликтөөчү Толубаев Ж. О. 2005-жылдагы 22-апрелинде өткөрүлгөн БатМУ СГЭИнин Окумуштуулар кеңешинин № 6 токтомунун негизинде бекитилген 01.01.02. шифриндеги Дифференциалдык теңдемелер боюнча «Ограниченность и квадратичная суммируемость решений интегро-дифференциальных уравнений Вольтерра-Стилтьеса» аттуу илимий-изилдөө темасынын негизинде 2016-жылы 24-февралда саат 1400 Бишкек шаарында Абдымомунов көчөсүндөгү 328 КУУнин №6 лабораториялык корпусунда 211 аудиторияда КР УИАнын Теориялык жана колдонмо математика институту жана Ж.Баласагын атындагы КУУнин алдындагы Д 01.15.513 диссертациялык кеңешинин отрумунда 01.01.02. шифриндеги Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу боюнча «Ограниченность и квадратичная суммируемость решений интегро-дифференциальных уравнений Вольтерра-Стилтьеса» аттуу илимий-изилдөө темасында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси: физика-математика илимдеринин доктору, профессор Асанов А.

Илимий-практикалык конференциялардагы жасаган илимий баяндамалары:

Илимий-практикалык конференциялардагы жасаган илимий баяндамалар

Баратова Арафат

Өсүүчү функция боюнча алынган туундунун жардамында экстремумду изилдөө” Ош Мамлекеттик Университетинин Жарчысында 2019-жылы атайын чыгарылышында жарык көргөн.

1. 2017-2018-окуу жылынын 17-апрелинде “2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында Сүлүктү Аймактык Институтунда уюштурулган Сүлүктү шаарынын 150 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Ы.С.Эралиевдин 70 жылдык мааракесине арналган Ы.Эралиев-мыкты педагог жана устат аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясынын физика-математика секциясында “Кеңейтилген Лопитальдын эрежеси” деген темадагы илимий баяндамасы менен катышкан.Илимий жетекчиси ф.-м.и.к-доцент Толубаев. Ж. О.

2. 2018-жылдын 29-ноябрында ОшМУда өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик конференцияда Математика жана информатикалык технологиялар илимдери багытында “өсүүчү функция боюнча алынган туундунун жардамында экстримумду изилдөө деген темадагы илимий баяндамасы менен катышкан.Илимий жетекчиси ф-м.и.к., доцент Толубаев. Ж.О.

3. 2019-2020 окуу жылынын 30-ноябрында Ош Мамлекеттик Университетинде өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VI аймактык студенттик конференцияда “Адистик эмес профилдерди окутууда математика предметине коюлуучу талаптар” темасындагы баяндамасы менен катышкан. Илимий жетекчиси ф-м.и.к-доцент Толубаев Ж. О.

4. 2020-жылдын 13-май күнү Ош Технологиялар Университетинде ”2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата уюштурулган “Илим. Технологиялар.Инновациялар-2020” аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин III аймактык илимий-практикалык онлайн конференциясында пленардык жыйында “Санариптештирүү жана Билим Берүү системасы” деген темадагы баяндамасы менен катышкан.Илимий жетекчиси КРнын эмгек сиңирген мугалими Эралиев Ы.С.

5. 2019-2020-окуу жылынын 22-мартында Баткен Мамлекеттик Университетинде “2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана БатМУнун 20 жылдыгына карата өткөрүлгөн студенттердин илимий-практикалык онлайн конференциясында “Ийгиликтерге шыктандырган устат”деген темадагы баяндамасы менен катышкан. Илимий жетекчиси ф-м.и.к-доцент Толубаев Ж. О.

6. 2020-жылдын 30-майында БатМУнун Сүлүктү Аймактык Институтунда “2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында Улуу инсан И.Раззаковдун 110 жылдыгына жана Баткен Мамлекеттик Университетинин 20 жылдыгына карата уюштурулган “Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын орду көйгөйлөр жана ойлор” аттуу студенттердин республикалык илимий-практикалык вебинардык конференциясында “өсүүчү функция боюнча алынган туундунун жардамында экстримумду изилдөө” деген темадагы илимий баяндамасы менен катышкан.Илимий жетекчиси ф-м.и.к-доцент Толубаев. Ж.О

Илимий-практикалык конференциялардагы жасаган илимий баяндамалар

Абалбаева Жазгүл

“ Баткен облусундагы тарыхый жана ыйык экзотикалык жерлер: тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги” Ош Мамлекттик университетинин 2019-атайын чыгарылышында жарык көргөн.

1. 2017-2018-окуу жылынын 15-декабрда Ош мамлекеттик юридикалык институтунда өткөрүлгөн “Эгемендүү Кыргызстандын XXI кылымдагы жаштар саясаты, анан укуктук негиздери, учурдагы абалы жана келечеги” аттуу чөлкөмдүк студенттик илимий-практикалык конференциясында пленардык жыйында (илимий жетекчиси: ФжПББ каф. ага окутуучусу, директордун орун басары Абдиева А.М.) “Жаштар жана коом” деген аталыштагы илимий баяндамасы менен катышкан.

2. 2017-2018-окуу жылында “2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында уюштурулган Сүлүктү шаарынын 150 жылдыгына жана КР Эмгек сиңирген мугалими Ы.С.Эралиевдин 70 жылдык маарекесине арналган Сүлүктү аймактык институтунун студенттик илимий-практикалык конференциясында (илмий жетекчиси: ФжПББ каф. ага окутуучусу, директордун орун басары Абдиева А.М.) жасаган илимий баяндамасы “Аваз Садыков – коомдук саясий ишмер”

3. 2018-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде салт катары жыл сайын уюштурулуп өткөрүлгөн “Студент жана илимий техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференцияда (илимий жетекчиси: ФжПББ каф. ага окутуучусу, директордун орун басары Абдиева А.М.) жасаган макаласы “Баткен облусундагы тарыхый жана ыйык экзотикалык жерлер: тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги”.

4. 2019-2020-окуу жылынын 30-ноябрында Ош Мамлекеттик Университетинде өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс”аттуу VI аймактык студенттик илимий конференцияда (илимий жетекчиси ФжПББ каф.окутуучусу Миталип у Азамат)“Кыргыз элинин улуттук оюну. Тогуз коргоол” деп аталган илимий баяндамасы менен катышкан.

5. 2020-жылдын 16-май күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата “Кыргызстан ааламдашуу шарттарында: өтмүшү, учуру жана келечеги” темасынын алкагында аймактык студенттик илимий-практикалык онлайн конференцияда (илимий жетекчиси: ФжПББ каф. ага окутуучусу, директордун орун басары Абдиева А.М.) жасаган илимий баяндамасы “Баткен облусундагы тарыхый жана ыйык экзотикалык жерлер: тарыхы, бүгүнкү абалы келечеги”.

6. 2020-жылдын 30-май күнү БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунда “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын “ алкагында, Улуу инсан И.Раззаковдун 110 жылдыгына жана БатМУнун 20 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн “Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын орду: көйгөйлөр жана ойлор аттуу студенттердин республикалык илимий-практикалык вебинардык конференциясында пленардык жыйында “Советтер Союзунун Баатыры-

Самат Садыков” (илимий жетекчиси: ФжПББ каф. ага о кутуучусу Дооранов Н.А.) деп аталган баяндамасы менен активдүү катышкан.