Филологиялык жана башталгыч билим берүү кафедрасынын башчысы, ага окутуучу

Канназарова Бурулай Усоновна

Кыргыз Республикасынын Президентинин «ХХI кылымдын кадрлары», «Билим», «Аракет» жана башка билим берүү программаларында, борбор шаарлардан алыс жайгашкан тоолуу райондордун эли үчүн, бүгүнкү күндүн талабына ылайык кадрларды даярдоо жана камсыз кылуу жагы милдеттендирилген.

Баткен облусу республикабыздын түштүк-батыш тарабынан орун алган. Анда кыргыз, өзбек, тажик жана башка улуттагы элдер жашайт. Облус республикабыздагы жаш, жаңыдан өнүгүп келе жаткан аймактардан болуп эсептелет. Облустун көпчүлүк бөлүгүн айыл-кыштактар түзөт. өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин алыскы айыл-кыштактарда жайгашкан жалпы билим берүүчү мекемелеринде педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги, билим берүү тармагы үчүн педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу маселеси коюлат.

1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин Сүлүктүдөгү филиалынын “Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу” кафедрасы түзүлүп, ал эми 2004-жылдын 1-сентябрында “Педагогика жана психология” кафедрасы болуп өзгөртүлгөн. Мында кафедра башталгыч класстардын мугалимдерин даярдап чыгарган. 2009-2010-окуу жылынын сентябрь айында “Педагогика жана психология” кафедрасына “Коомдук гуманитардык дисциплиналар” кафедрасы менен бириктирилип, “Тарых жана педагогика” кафедрасы болуп түзүлөт. «Тарых жана педагогика» кафедрасы 2013-жылдын 4-октябрындагы №75 -буйруктун негизинде «Педагогикалык билим берүү» кафедрасы деп аталып калат. 2015-жылдан баштап «Филологиялык билим берүү» кафедрасы менен кошулуп, учурда БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун «Филологиялык жана педагогикалык билим берүү» кафедрасы катары өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.

Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасында 3 багыт боюнча 5 даярдоо профилдери даярдалат. Алар: 550300 Филологиялык билим берүү (даярдоо профилдери: орус тили жана адабияты, англис тили), 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (даярдоо профили: Тарых), 550700 Педагогика (даярдоо профилдери: педагогика жана башталгыч билим берүүнүн теориясы жана усулу, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы) багыттары. Кафедрада 5 илимдин кандидаты, 1 профессор, 3 доцент, 5 ага окутуучу жана окутуучулар курамы эмгектенет.

          Кафедрда даярдалып жаткан багыттарда Баткен, Лейлек райондорунан Сүлүктү, Исфана шаарларынан, ошондой эле, коншулаш Тажик, Өзбек Республикаларынан улан-кыздар келип, билим алып жатышат.

Учурда студенттерге бүгүнкү күндүн талабына ылайык билим берүү үчүн ыңгайлуу окуу кааналары, китепкана, электрондук китептер, окуу куралдары, окуу-усулдук колдонмолор, компьютердик жана мультимедиялык кааналар, жатакана жана башка шарттар түзүлгөн. Окутуунун формасы күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Кафедранын миссиясы: Кесиптик  ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөлөрүндө керектелген филологиялык жана педагогикалык билим берүү багыттары боюнча жогорку кесиптик бакалаврларды даярдоодо зарыл болгон жалпы кесиптик компетенцияларды  калыптаандыруу, өнүктүрүү жана чыгармачыл колдонуу.

«ФжПББ» кафедрасынын кадрдык курамы

Учурда «Филологиялык жана педагогикалык билим берүү» кафедрасынын курамы 21 профессордук-окутуучулук курамдан турат:

А) ээлеген кызматы боюнча:

– 2 илимдин кандидаты, профессор;

– 2 илимдин кандидаты, доцент;

– 5 ага окутуучу;

– 12 окутуучу.

Б) педагогикалык стажы боюнча:

– 41 жылдан жогору – 5 окутуучу;

– 30 жылдан 40 жылга чейин – 5 окутуучу;

– 20 жылдан 30 жылга чейин –  10 окутуучу

– 10 жылдан 20 жылга чейин – 1 окутуучу.

Кафедранын мүчөлөрү:

  1. Абдуллаев Рузимурад Мамажанович , п.и.к. профессор;
  2. Курбанов Абдукаюм Давлятович,  т.и.к., профессор;
  3. Эржигитова Шааргул Жамалидиновна,  ф.и.к., доцент;
  4. Шерова Атыргул Каарбаевна,  ф.и.к., доцент;
  5. Канназарова Бурулай Усоновна, ага окутуучу;
  6. Мадмуратова Замира Гулбаевна, ага окутуучу;
  7. Тороев Ырысбек Турдубекович, ага окутуучу; 
  8. Дооранов Нурмухаммед Абдуманнаевич, ага окутуучу; 
  9. Абдиева Айша Махаматкуловна,  ага окутуучу;
  10. Салиева Замира Шеркозиевна, окутуучу;  
  11. Жолдошова Зайнаб Ганиевна, окутуучу; 
  12. Дусалиева Гулмира Шергалиевна, окутуучу; 
  13. Расулова Замира Гулбаевна, окутуучу; 
  14. Садыков Муххамед Шералиевич, окутуучу.
  15. Эралиев Ысмайыл Сарыбаевич,окутуучу
  16. Сеитмуратова Асалбубу Жолдошовна, окутуучу
  17. Ботобекова Дамира Усмановна, окутуучу
  18. Авязова Айгул Мусаевна, окутуучу
  19. Худайназарова Феруза Икрамовна, окутуучу
  20. Худайназарова Юлдуз Баходировна, окутуучу
  21. Боркошов Куттубек Кубанычбекович, окутуучу

2. Кафедранын максаты:

– Өлкөбүзгө интелектуалдык потенциалы жогору, маданияттуу, билимдүү жогорку профессионалдуу педагогикалык кадрларды даярдоо.

– Компотенттүүлүк мамиле аркылуу билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен Кыргызстандын, айрыкча Баткен облусунун, Лейлек районунун ар кандай ишкана мекемелери жана орто мектептери үчүн компетенттүү адистерди даярдоо;

– Элет жергесиндеги, алыскы жана тоолуу аймактардагы ишкана, мекемелерди, орто мектептерди, бала бакчаларды жаш адистер менен камсыз кылуу;

– Жогорку билимдүү көп тилдүү педагогдорду даярдоо;

– Алган билимди калк ичинде жайылтуу менен мамлекеттин интелектуалдык потенциалын өнүктүрүү;

– Студенттердин патриоттуулук, жоопкерчиликтүүлүк, эмгекти сүйүү, жарандык позиция, өз алдынчалык жана чыгармачылык активдүүлүк сезимин өстүрүү;

– Инновациялык ыкмалардын жардамы менен окуу процессин электрондук түргө өткөрүү;

– Чет өлкөлүк ЖОЖдордун кафедралары менен байланыш түзүү, алардын профессордук-окуутуучулар жана студенттер курамы ортосунда тажрыйба алмашуу.

3. Кафедранын негизги милдеттери жана аткарган иш аракеттери:

– Студенттерге бекем базалык билимди берүү, башкарууну так көзөмөлдүү жүргүзүү аларды өз учурунда жана акылга ылайык пайдалануусуна багыт берүү.

– Практикалык билиминин жогорулашына шарт түзүү.

– Студенттерди билим менен билгичтикти, чыгармачылыкты, инновацияга болгон жөндөмдөрдү жана өз учурунда аткарылуучулук проблеманы чечүүгө аң сезимдүү мамиле жана рационалдуу маселелерге үйрөтүү.

– Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүү, иштиктүү активдүүлүктүн баардык деңгээлинде мамлекеттик тилдин маанисин күчөтүү.

– Студенттерди айкөлдүккө чакыруу, патриоттук сезимди өстүрүү.

4. Кафедранын функциясы:

– Адистикке багытталган кабинеттерди уюштуруу.

– Ресурстук борбор каанасы сыяктуу заманбап кабинеттерди жандандыруу.

– «Бүгүнкү студент-эртенки адис» аттуу кружокту студенттердин жардамы менен ишке ашыруу.

– Адистике байланышкан мекемелер менен келишим түзүү менен бирге, бүтүрүүчүлөрдүү иш менен камсыз кылууну колго алуу.

– Окуу усулдук адабияттар менен камсыздоо;

– Окуу усулдук иштелмелерди иштеп чыгуу боюнча кафедранын мүчөлөрүн активдүү багыттоо;

– БатМУнун илимий багыттагы иштерине активдүү катышуу;

– Кабинеттерди, коридорлорду жасалгалоо;

– Окутуучулар жана студенттер үчүн илимий изилдөө иштерди жүргүзүүчү каана ачуу жана жасалгалоо;

– Кафедранын мүчөлөрүнүн илимий потенциалын жогорулатууга шарт түзүү;

– Окутуучулардын илимий публикацияларын өз убагында чыгаруу үчүн иш алып баруу;

– Окуу китептерин кыргыз тилинде которуу боюнча кафедранын мүчөлөрүн милдеттендирүү;

– Кафедранын шаардагы практикага баруучу ишкана-мекемелердин, мектептердин жамааты менен иш алып баруу;

– Традициялык эмес окутуунун усулун жайылтууну компьютерик техниканы колдонуу менен байланыштыруу;

– Республиканын чегиндеги жана башка мамлекеттеги жогорку окуу жайлар, илимий борборлор менен байланышып, профессордук окутуучулар жамаатынан билимин өркүндөтүү курстарына, аспирантурага жана докторантурага системалуу жөнөтүп туруу;

– Жогорку билим берүү тайпаларында рейтинг системасына толук өтүүнү пландаштыруу;

– Студенттердин илимий иштери болуп эсептелинген бүтүрүүчү квалификациялык жана курстук иштердин сапаттуулугу боюнча атайын комиссиянын иш алып баруусун өнүктүрүү жана башка.

5. Кесиптик ишмердүүлүктүн объекттери:

– Студенттерге маалыматтар системасынын жана компьютердик технологиянын негиздерин окутуу;

– Предметтер жана адистиктер боюнча БатМУнун факультеттери арасында жана Республиканын ЖОЖдорунун арасында студенттик олимпиадаларды, конкурстарды уюштуруу;

– Институттун профессордук-окутуучулук курамын өз адистиги чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу курсттарын уюштуруу;

– Маалыматтык-технологиялык багытында, экономика, табигый илимдер, математика, дене-тарбия багыттарында актуалдуу багыттар боюнча илимий-изилдөө иштеринин комплексин өткөрүү;

– Гранттар жана алардын аткарылышы үчүн башка каржылоо булактары боюнча долбоорлорду кафедранын окутуучулары менен даярдоо;

– Жаңы жана алдыңкы маалыматтык билим берүү технологияларын өздөштүрүү жана институттун ишмердүүлүгүндө сапаттуу ишке ашыруу;

– Илимий-методикалык окуу куралдарын, окуу-методикалык комплексти жана окуулуктарын иштеп чыгуу.

6. Кесиптик ишмердүүлүктүн багыттары:.

Көрсөтүлгөн багыттар боюнча студенттерди даярдоо жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, КРнын билим берүү чөйрөсүндө нормативдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.

Ошондой эле берилген багыт боюнча Россиянын жана Кыргызстандын жетектөөчү ЖОЖдордун адистерди даярдоо тажрыйбасы эсепке алынат.

НКББП ПЕДАГОГИКА 1-КУРС

НКББП ПЕДАГОГИКА 4-КУРС

Баалоо каражаттарынын фонду БатМУ САИ