Баткен мамлекеттик университетинин ректору, техн.и.д. профессор А. Зулпуевдин 2020-жылдын 4-февралындагы №03-20/8 буйругунун негизинде 2020-жылдын 11-февралында Баткен мамлекеттик университетинин жалпы профессордук окутуучуларынын, студенттердин жана башка кызматкерлердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаардык, райондук бөлүмдөрүнүн , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Баткен , Сүлүктү шаарлары, Баткен жана Лейлек райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлеринин Өзгөчө кардаалдарда техникалык жана өрт коопсуздугун алдын алуу иш чаралары, ошондой эле иш жүзүндөгү кандай аракеттерди аткаруу жөнүндө окуу-сабактары өткөрүлгөндүгүн Баткен мамлекеттик университетинин техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инженери Ш. Мидинов билдирди.