УРМАТУУ БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ИЙГИЛИКТҮҮ ИШТЕП ЖАТКАН ЭЖЕЙЛЕР, КАРЫНДАШТАР СИЗДЕРДИ 8-МАРТ АЯЛДАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮ МЕНЕН ЖАЛПЫ АГАЙЛАР ЖАМААТЫНЫН АТЫНАН КУТТУКТАЙБЫЗ!!! 

Аялдын баркын билелик,

Аялды сыйлап жүрөлүк.

Акындын атын билбейм,

Аялдын аты түбөлүк.

Жан дүйнөнү жаз гүлүндөй жашарткан, жумшак жел менен кошо келген жаз майрамынын алдында мугалим аял затына жылуу сөз себелеп, калем шилтеп олтурам. Даанышман кыргыз элибиз адамга өмүр, жашоо берген Жер, Күн, суу, аба, ата-эне сыяктуу улуу аталыштарды үч тамга менен атоону аял, апа, эже, кыз, жаз, гүл деген сөздөргө да ыраа көргөнү кандай гана акылмандык. Аял — керемет, улуу зат. Адам коому аял жана эркек затынан тургандыгына бирде таӊыркасам, бирде жаратканга ыраазы болосуӊ. Экөө бир бүтүндүктүн эки бөлүгү, эки канаты бирдей аман-соо болбосо, Лейлектин турналары – илек-илек кушу кантип бийиктеп, кайда учмак эле. Аны сыӊарындай ою тунук, балага деген идеясы бийик, дили таза мугалим – аял заты менен бирге билими бекем, тарбиясы тереӊ, руху түптүү урпактар жаралат эмеспи. Ал урпактар — улут келечеги. Бекеринен  «Аял зат тагдыры — Ата журт тагдыры» деген учкул сөз жаралбаган чыгар.