Баткен шаарында “КАЛПАК” күнү белгиленди.

Баткен шаарынын  административдик борборунда салтанаттуу “КАЛПАК” күнү белгиленди. Иш чарага жалпы Баткен шаарындагы мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү жана студенттер, окуучулар катышышты. Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнү А.  Абдрахманов сөз сүйлөп, калпак кыргыз элинин туу туткан сыйлуу баш кийими экенин белгилеп, жаштарды ак калпакты кастарлап, келечек муунга өткөрүп берүүсүн белгиледи.

Баткен мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары бул салтанатка кызуу катышты. Баткен шаарынын көчөлөрүндө жөө жүрүш жасалып, жаштар жалпы коомдун көңүлүн салтанаттуу иш чарага көңүлүн бурду.