🇰🇬🇺🇿Бүгүн 2021-жылдын 3-март күнү Баткен мамлекеттик университети менен Өзбекстандын Сурхандарья облусунда жайгашкан Денау Ишкерлик жана педагогика институтунун ортосунда ар тараптуу карым-катнашты бекемдөө максатында кызматташтык келишимине кол коюу иш чарасы онлайн форматта өткөрүлдү. БатМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, проф.м.а. А.Т. Гыязов баш болгон топ жана ДенЖПИнин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Рахимов Ганишер Худайкулович баш болгон окуу жайлардын жетекчилиги менен онлайн-жолугушууда кызматташуунун максаты, алдыга коюлган маселелер, милдеттер талкууланып, эки жамаат жакындан таанышышты. Иш чаранын жыйынтыгында эки жогорку окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп, келечекте аткарыла турган иш чаралардын жол картасын биргеликте иштеп чыгуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, окутуучулар жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу жагы сүйлөшүлдү.