Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2021-жылддын 11-февралындагы “Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 5-мартында Ош мамлекеттик юридикалык институтунда өткөрүлгөн  “Жусуп Абдрахманов жана Кыргызстандын биринчи конституциясы” – аттуу биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференция уюштурулуп ийгиликтүү өткөрүлдү.

        Конференция өз максатына жетүү үчүн төмөнкү негизги багыттарда иш алып барды:

  1. Жусуп Абдрахманов- Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири, анын ишмердүүлүгү, көөнөргүс руханий мурастары жана алардын азыркылар үчүн мааниси
  2. Кыргызстандын биринчи конституциясы: жазылуу жараяны, кабыл алынышы, анын саясий,  укуктук жана тарыхый мааниси
  3. Учурдагы гуманитардык,так илимдердин көйгөйлүү маселелери

Конференцияга  Баткен, Ош, Жалал-Абад, Бишкектеги жогорку окуу жайларынан келген өкүлдөр өздөрүнүн илимий баядамалары менен катталып, авторлор өз табылгалары, мазмундуу малыматтары, илимий иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары, жеке пикирлери менен бөлүшүштү.

         Ал эми Баткен мамлекеттик университетинен  Гуманитардык–педагогикалык факультетинин юриспруденция адистигинин 1-курсунун студенти Рахматилла кызы Элиза “Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүктүн калыптанышы жана укуктук абалы” (жетекчиси – Бабаева Х.С.), 3-курстун студенти Балташева Малика “Жусуп Абдрахманов –основатель государствености кыргызов в советскую эпоху ”  (жетекчиси Шерова А.) деген темада илимий баяндамалар  менен катышып келишти.       Аталган конференцияда мыкты жетишкендиктери үчүн жогоруда катышкан студенттер: 1-курсунун студенти Рахматилла кызы Элиза, 3-курстун студенти Балташева Малика  Ардак Грамота менен сыйланышты.