Бүгүн 2021-жылдын 6-майы күнү Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгын утурлай Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор Гыязов Айдарбек Токторович баш болгон жамаат Баткен шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ашир Рахматовду 9-май Жеңиш күнү менен куттуктады. БатМУнун ректору университетибиздин атынан Ашир Рахматовго майрамдык белектерин берип, “Даанышман” төш белгисин такты.

Ардактуу атабыз жалпы барган меймандар менен баарлашты. Белгилей кетүүчү нерсе, жашы 102 ге кирген Ашир ата Баткен чөлкөмүндөгү кылымга тете жашаган сыйлуу, кадырлуу ата, согуштун ардагери. Ал жалпы жамаатка ак батасын берип узатты.