ОшМУнун юридикалык институтунда “Жусуп Абдрахманов жана Кыргызстандын биринчи конституциясы” – аттуу биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференция өттү. Конференцияга Баткен, Ош, Жалал-Абад, Бишкектеги жогорку окуу жайларынан келген өкүлдөр өздөрүнүн илимий баядамалары, өз табылгалары, мазмундуу малыматтары, илимий иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары, жеке пикирлери менен бөлүштү.

Бул конференцияга Баткен мамлекеттик университетинин “Гуманитардык- педагогикалык” факультетинин “Социалдык- экономикалык жана укук” кафедрасынын окутуучусу Бабаева Халича Сафаровна – “Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүктүн калыптанышы жана укуктук абалы”, Юриспруденция адистигинин 1-курсунун студенти Рахматилла кызы Элиза “Конституция- Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын негизи” (жетекчиси – Бабаева Х.С.), 3-курстун студенти Балташева Малика “Жусуп Абдрахманов –основатель государственности кыргызов в советскую эпоху ” (жетекчиси Шерова А.) деген темада илимий баяндама жасашты. Конференциянын акырында катышуучулар тарабынан атайын резолюция кабыл алдынды. Аталган конференцияда мыкты жетишкендиктери үчүн жогоруда катышкан студенттер: 1-курсунун студенти Рахматилла кызы Элиза, 3-курстун студенти Балташева Малика Ардак Грамота менен сыйланышты.