Зикирова Шайгуль Камаловна

Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы

E-mail: sayugul63@mail.ru

Кафедра  жөнүндө маалымат

Орус тили жана адабияты кафедрасы 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы филиалы ачылган күндөн баштап түптөлгөн. Кафедраны Ош мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Турдуев К.Т. жетектеген (1997), ага окутуучу Гайбуллаев Ж.О. (2000-2006), 2006-жылдын февраль айынан баштап кафедра башчысынын милдетин окутуучу Эшанкулова Ш.А. аткарган, 2008-жылдын сентябрь айынан баштап кафедраны улук окутуучу Курбанова М.А. жетектеген., улук окутуучу Юсупова А, ага окутуучу Мурзаева А.К., улук окутуучу Зикирова Ш.К. 01.02.2016-жылдан баштап кафедраны доцент Тешебаев А.К.жетектеген.

     БатМУнун ректорунун 01.09.2016-жылдагы буйругунун негизинде англис тили кафедрасы менен орус тили жана адабияты кафедрасы бириктирилип, Дүйнөлүк тилдер кафедрасы түзүлгөн.

Кафедра “орус тили жана адабияты” “англис тили” профилдерин тейлеп, аны  педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.К.Тешебаев жетектеген. 2018-жылдын март айынан баштап кафедраны улук окутуучу  Мурзаева А.К. жетектеген.  Ал эми 2019-жылдын 25-ноябрынан баштап кафедраны улук окутуучу Зикирова Ш.К. жетектеп жатат.

2020-жылдын 14-февралынан баштап кафедра Филологиялык билим берүү деп өзгөртүлүп, бүгүнкү күнгө чейин англис, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты профилдерин тейлеп жатат.

   Кафедрада филология ил. кандидаты, доцент Т.Б.Кабылов, Г.Ж.Жамшитова орундаштыкта  иштешет. Учурда кафедрада 17 окутуучу эмгектенет:

  1 профессорлор, 4 доцент, 6 улук окутуучу, 3 окутуучу.