БатМУ АБИТУРИЕНТТЕРИ ҮЧҮН ЖЕҢИЛДИКТЕР
БатМУнун абитуриенттери үчүн босого баллы төмөндөтүлдү. Чек ара окуясында жабыр тарткан мекендештерди колдоо, облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана абитуриенттер үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында облус башчысынын №03/1511 катынын негизинде Баткен мамлекеттик университетинде абитуриенттерди кабыл алууда 2021-22-окуу жылында төмөнкүдөй босого баллдары: Гранттык негизде:
-негизги тест боюнча-100 балл
-англис тили боюнча-60 балл
-химия боюнч-60 балл
-биология боюнча-60 балл
-физика боюнча-60 балл
-тарых боюнча-60 балл
-математика боюнча-60 балл
-кыргыз тили боюнча-60 балл
-орус тили боюнча-60 балл
Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына:
-негизги тест боюнча-95 балл
-англис тили боюнча-60 балл
-химия боюнча-60 балл
-биология боюнча-60 балл
-физика боюнча-60 балл
-тарых боюнча-60 балл
-математика боюнча-60балл
-кыргыз тили боюнча-60 балл болуп бекитилсин.
Буйрукка ылайык Баткен мамлекеттик университетине гранттык жана кабыл алуу комиссияларында буйрук жетекчиликке алынат.