2021-2022-окуу жылы Баткен мамлекеттик университетинде өзгөчө шаң менен башталды. Билим күнүнө карата БатМУнун башкы мекемеси, анын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн профессордук-окутуучулар курамынын, студенттеринин жана ата-энелердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада БатМУнун ректору, профессор., А.Т. Гыязов жалпы катышуучуларды куттуктоо менен бирге окуу жайды чогуу дагы да бийиктерге алып чыгууга чакырды.

Салтанат таланттуу студенттердин ыр-бийлери менен коштолду. Мындан сырткары БатМУнун башкы мекемесиндеги 12 канаттуу боз үйдү ачуу аземи болуп, жалпыга фуршет уюштурулду.