Баткен мамлекеттик университетинде ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган “Борбордук Азиядагы геопарктар: геотуризмдин аймагын кеңейтүү, геологиялык мурастарды, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу” аттуу Эл аралык семинардын алгачкы күнү жыйынтыкталды. Семинардын пленардык бөлүгү эрте менен 10:00 дө башталып, күндүн экинчи жарымында секциялык иштер менен улантылды. Эскерте кетсек семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекистан, Турция, Германия, Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынан 80ден ашуун окумуштуулар, өнүктүрүүчүлөр катышууда.