Баткен мамлекеттик университетинде ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган “Борбордук Азиядагы геопарктар: геотуризмдин аймагын кеңейтүү, геологиялык мурастарды, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу” аттуу Эл аралык семинар болуп жатат. Семинардын пленардык бөлүгүн БатМУнун ректору, э.и.д. профессор., А.Т. Гыязов ачып, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Алимбаев, Глобалдуу геопарктар боюнча ЮНЕСКОнун катчысы Кристоф Вандерберг, ЮНЕСКОнун Алматыдагы класстердик бюросунун Табигый илимдер бөлүмүнүн башчысы Кристинэ Товмасян, Өзгөчө коргоодогу табигый аймактар департаментинин директорунун орун басары К. А. Мамбеталиев, КРнын Тянь-Шань геологиялык коомунун вице-президенти О.Ш. Шамшиевтер куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекистан, Турция, Германия, Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынан 80ден ашуун окумуштуулар, өнүктүрүүчүлөр катышууда.