Борбордук Азияда биринчи жолу өтүп жаткан ЮНЕСКОнун геопарктар боюнча семинарынын төртүнчү күнүндө Мадиген Эл аралык маанидеги геологиялык мурастар объектисине, Сары-Тоо мезазой комплексинин панорамасына, легендарлуу Кани-Гут кенинин байыркы металлургиялык короосуна жана Исфана шаарына бара жаткан жолдун боюндагы каньондорго саякат жасалып, кечинде Баткен шаарында салтанаттуу жабылуу аземи болуп өттү. Иш-чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Алимбаев, БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов, Глобалдуу геопарктар боюнча ЮНЕСКОнун катчысы Кристоф Вандерберг, ЮНЕСКОнун Алматыдагы класстердик бюросунун Табигый илимдер бөлүмүнүн башчысы Кристинэ Товмасян, Өзгөчө коргоодогу табигый аймактар департаментинин директорунун орун басары К. А. Мамбеталиев, КРнын Тянь-Шань геологиялык коомунун вице-президенти О.Ш. Шамшиевтер баш болгон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекистан, Турция, Германия, Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынан 80ден ашуун окумуштуулар, өнүктүрүүчүлөр катышты. Жыйынтыгында Баткен облусунун аймагында геопарк түзүү боюнча кызматташуу меморандумуна жана мамлекеттер аралык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.