23-сентябрь күнү Баткен мамлекеттик университетинде белгилүү коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков, педагог Асылбек Жооданбеков, коомдук ишмер, политолог Сейтек Качкынбаев, “Эл аралык талерантуулук үчүн” фондунун Баткен филиалынын директору Роберт Авазбековдор менен БатМУнун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер, ата-энелер жана жаштардын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда коноктор билим, тарбия, маданият меселеси жөнүндө кеп куруп, ийгиликтүү инсан болуу сырларын бөлүштү.