Бүгүн БатМУнун башкы мекемесинин жана Көп тармактуу колледжинин окутуучулары, студенттери “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү” аттуу форумду утурлай, шаарыбыздын тазалыгына салым кошуу максатында ишембиликке чыгып, борбордук көчөлөрдү таштандылардан арылтты. Окутуучулар, студенттер иш-чарага активдүү катышуу менен жергиликтүү жашоочуларды, шаар конокторун айлана-чөйрөнү таза сактоого чакырып кетет.