Бүгүн БатМУнун башкы мекемесинин Табият таануу жана педагогика факультетинин Педагогикалык билим берүү кафедрасы тарабынан “Илимдүү илимдүүнү тааный билет, акылдуу акылдууну баалап жүрөт” аттуу “Педагогика” жумалыгы старт алды. Жумалыктын биринчи күнүн кафедранын студенттерине п.и.к., Эргешали кызы Актилек эжеке “Темперамент жана мүнөз” аттуу семинар-тренинг өтүү менен баштады. Семинар-тренингдин жүрүшүндө студенттер темперамент, темпераменттин типтери, мүнөз, мүнөздүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды өздөштүрүү аркылуу өзүн-өзүн таанып билүүгө, анализдөөгө болгон жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатууга жетишишти. Семинар-тренингдин катышуучулары инсандын психологиялык белгилери боюнча темпераменттин тибин аныктоо максатында ролдоштурулган кырдаалдык ситуацияларды аткарышты жана мүнөздүн калыптануусуна таасир этүүчү айрым бир факторлор жөнүндө талкуу жүргүзүп, чакан презентациялар аркылуу мүнөздөмө беришти. Ал эми “Темпераменттин тибин аныктаңыз” көнүгүүсү кыргыз элинин көөнөрбөс баалуу мурасы болгон макалдары аркылуу ишке ашты. Эскерте кетсек, жумалыктын алкагында студенттер үчүн викторина, интеллектуалдык таймаш, кароо-сынак, концерттик кечелер уюштурулат.