Бүгүн, 2021-жылдын 5-ноябрь күнү БатМУнун башкы мекемесинин Табият таануу жана педагогика факультетинин Педагогикалык билим берүү кафедрасы тарабынан уюштурулган “Илимдүү илимдүүнү тааный билет, акылдуу акылдууну баалап жүрөт” аттуу “Педагогика” жумалыгынын “Улут биримдиги – эл байлыгы” аттуу жыйынтыктоо иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада кафедранын таланттуу студенттеринен түзүлгөн “Кыргыз делегациясы”, “Орус делегациясы”, ” Өзбек делегациясы “, “Казак делегациясы” ийримдеринин катышуучуларынын арасында – Саламдашуу; – Улуттук ыр аткаруу; – Улуттук бий; – Видео-ролик; – Улуттук тамак-аш көргөзмөсү – номинациялары боюнча таймаш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар, китептер тапшырылды. Мындан сырткары жумалыктын алкагында уюштурулган иш-чараларга активдүү катышкан студенттер да дипломдор, акчалай сыйлык, баалуу белектер менен сыйланды. Иш-чарага катышкан БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов “Педагогика” жумалыгы мыкты уюшкандыкта өткөндүгүн белгилеп, аны уюштурган окутуучуларга, катышкан студенттерге ыраазычылыгын билдирүү менен акчалай сыйлыктарды тапшырды.