Бүгүн 20-декабрь 2021-ж. Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин бүтүрүүчү класстары кесип тандоо максатында Баткен мамлекеттик университетине келип, окуу жайда билим алуу үчүн түзүлгөн материалдык-техникалык база менен таанышты. Андан соң окуучуларды БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов кабыл алып, окуучулар тарабынан көтөрүлгөн бул демилгени колдоорун, БатМУ дайыма демилгелүү, дилгир, билимдүү жаштар менен кызматташууга даяр экендигин билдирип, аларды катарга кошулууга чакырды. Жолугушуунун соңунда келген жаш досторго бекем ден соолук, окууларында ийгилик каалоо менен алдыдагы ЖРТга даярдануу үчүн пайдасы тие турган китептерди белекке берди.