2022-жылдын 21-январында Баткен мамлекеттик университетинин Окуу-усулдук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду БатМУнун Окуу иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент Миралы кызы Анара алып барды. Анда окутуу процессине байланышкан маселелер, окуу-усулдук иштер, институционалдык аккредитацияга карата даярдык көрүү боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери маалымат беришти. БатМУнун Окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенген профессордук-окутуучулар курамы тарабынан иштелип чыккан бир нече окуу китептери, монографиялар, окуу-усулдук колдонмолор басылмадан чыгаруу үчүн БатМУнун Окумуштуулар кеңешинин кароосуна сунушталды. Негизинен күн тартибиндеги маселелер кызуу талкуулар менен коштолуп, толук каралды.