БатМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленүүдө

Бүгүн 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү. Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” деп жарыяланган. Бул даталуу күнгө карата Баткен мамлекеттик университетинде бир катар иш-чаралардын планы иштелип, анын алкагында БатМУнун Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин Филологиялык билим берүү кафедрасы тарабынан “Эне тил” жумалыгы старт алды. Жумалыктын биринчи күнүндө эрте менен А-1-18 тайпасынын студенттери бий-флешмоб уюштуруп, андан соң кафедранын окутуучусу У.К.Насиридинова тарабынан “Kahoot” интеллектуалдык викторинасы өтүлдү. Мындан сырткары, кафедра башчысы С.А.Көкчөева “Эл аралык эне тил күнү!” деген темада студенттерге лекция окуп, “Улуттун улуулугу тилинде” деген темада тегерек стол уюштурулду жана кафедранын ага окутуучусу Г.М.Абдрахманова тарабынан студенттерге “Teaching grammar through gamts” деген темада оюн-сабак өтүлдү. Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата окуу жайыбызда 28-февралга чейин ар кандай иш-чаралар өтүлөт.