Бүгүн 2022-жылдын 1-март күнү Түркия Республикасынын Улуттук Агартуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда 1996-жылдын 28-июнунда кол коюлган Агартуу жана илим тармактарында кызматташтык макулдашуусунун 2-беренесиндеги Кыргызстанда түрк тилин окутуу борборунун ишин жайылтуу максатында Кыргызстандагы Түркия элчилигинин Билим берүү кеңешчилиги менен Баткен мамлекеттик университети БатМУда Түрк тилин окутуу борбору тарабынан түрк тили курстарын ачуу жана бул курстарга Кыргызстандагы Түркия Элчилигинин Билим берүү кеңешчилиги тарабынан мугалим дайындалуусу тууралуу макулдашууга кол коюшту.