Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде “Ачык эшик күнү” иш-чарасы уланып, анда БатМУнун материалдык-техникалык базасы, студенттердин билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар менен Баткен шаарындагы мектептердин бүтүрүүчү класстары таанышытаанышышты.

Салтанаттуу бөлүк жалпы жыйындар залында болуп, алгач БатМУнун тарыхын, жетишкендиктерин, артыкчылыктарын чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, андан соң БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректор Г.Ү.Артыкбаев иш-чараны ачуу менен окуучуларды туура кесип тандоого чакырып, окууларына ийгилик каалады. Андан соң, иш-чарага катышкан окуучуларга БатМУнун окутуучулары т.и.к., доцент Ш.Б.Шеров жана п.и.к. Эргешали кызы Айчүрөк эжеке кесипке багыттоо темасын камтыган семинар-сабак өттү. Сабакка активдүү катышкан окуучуларга белектер тапшырылды.