КОБББнын башчысы,
Таиров Хайриддин Рахманалиевич

Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн кыскача тарыхы

Орто кесиптик  билим берүү бөлүмү БатМУнун  алдындагы КГПИнин базасында 2008-жылдын 22-сентябрында институттун окумуштуулар кеңешинин чечими менен №8/1  §1 буйругунун негизинде түзүлгөн. 2008-2009-окуу жылында бөлүм башчы болуп мектептик көп жылдык тажрыйбасы бар, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, улук окутуучу Л.Муратова дайындалган. 2010-жылдын 1-сентябрынан А.С.Эргешов, 2010-жылдын 22-октябрынан Ч.А.Мадиярова, 2014-2015-окуу жылында Т.Т.Ташполотов, 2015-жылдын 1-февралынан педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т.Н.Каранова, 2019-2020-окуу жылында т.и.к А.Т.Бердиев дайындалып, 2021-2022-окуу жылынын 1-сентябрынан баштап Таиров Хайриддин Рахманалиевич бөлүмдү жетектеп  келүүдө. Бөлүмдө бүгүнкү күндө үч кафедра иш алып барышууда. Башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү кафедрасын – К.Мейманова, колдонмо информатика жана табигый илимдер кафедрасын – Р.М.Арзыбаева, социалдык жана гуманитардык илимдер кафедрасын – Г.А.Жунусовалар жетектеп келүүдө.  Бөлүмдүн окуу иштери боюнча орун басары А.К.Исмайилова, тарбиялык иштер боюнча орун басары Ираббай к А,   бөлүмдүн усулчусу болуп – Э.Темирова, практика башчысы – Г.Эгембердиева,  илимий иштер боюнча орун басары – М.Матраимова,  аялдар кеңешин – Ж.Юлдашова жетектейт.

Бөлүмдө бүгүнкү күндө 26 профессордук-окутуучулук курам күндүзгү бөлүмдүн 329, сырткы бөлүмдүн 247 студенттерине талыкпай билим берип келишүүдө.

Бөлүмдө даярдалып жаткан адистиктер

Жогоруда көрсөтүлгөн адистиктердин баары  аккредитациядан өтүп 5 жылдык сертификатка ээ болгон.

Студенттер үчүн түзүлгөн шарттар

Бөлүм 24 аудитория, 2 компьютердик лаборатория, 3 интерактивдүү доска менен жабдылган каана, 4 окуу залы, спорт залы, фудбол аянтчасы, ашкана менен камсыздалган. Компьютер лабораториясындагы компьютерлер дүйнөлүк желеге туташтырылган.

      Чыгармачыл студенттерди илим-изилдөөлөргө тартуу, чыгармачылык демилге берүү бөлүмдөгү эң башкы милдеттерге кирет. Бул багытта “Жаш калемгер”,  “Акыл ордо”, ”Жаш техник” ийримдери иштейт.

Бөлүмдүн байланыштары

Илим-изилдөө, окуу-усулдук  иштерди ийгиликтүү жүргүзүү, бул багытта салттарды калыптоо жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында жакынкы жана алыскы илимий мекемелер, окуу жайлар менен билим берүү жана илим тармагында тыгыз байланыштарды өнүктүүрүдө. Атап айтсак, ЖаМУ, ОшМПУ, ОшМУ, ОшКУ, Ноокат, Кадамжай, Араван районундагы, Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептер менен да тыгыз байланышта иш алып барышууда.

ОКБББ практика

Окуу планынын негизинде окуу процессинин графигине ылайык орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай, Ноокат райондорунда жайгашкан айрым билим берүү жана ишкана мекемелерде келишимдин негизинде практикаларын өткөрүп келишет. Г.Эгембердиева   бөлүмдүн практика жетекчиси болуп дайындалып, жоопкерчилик менен иш алып барат. Студенттерге кафедра башчысы жана практика жетекчиси тарабынан усулчулар бөлүнүп, практиканттарга усулдук жактан жардам беришет жана  алардын практикалык ишмердүүлүктөрүн көзөмөлдөшөт.

Практика алдында багыттоочу конференция практика жетекчиси жана кафедра башчысы тарабынан уюштурулуп, усулчулар  кеп кеңештерин беришет. Практикага чыгуу буйруктары, китепчелери, багыттоочу баракчалары өз убагында берилет. Практика учурунда студенттер менен усулчулар тыгыз байланышта иш алып барышат. Студенттер негизинен теориялык жактан алган билимдерин практика жүзүндө толук көрсөтө алышты. Практика учурунда студенттердин мыктылары өздөрүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрүн жогорку деңгээлде көрсөтө алышып, ишкана мекемелердин жетекчилери тарабынан ыраазычылыктарына, алкыштарына ээ болушту.

Практиканы жыйынтыктап жатып жыйынтыктоочу конференцияда конкурс уюштурулду. Практиканттар төмөнкү курсунун студенттери үчүн жана тажрыйба алмашуу максатында үлгү катары көрсөтмө куралдардын көргөзмөсүн уюштурушту. Атайын түзүлгөн комиссия мыктыларды тандап, практиканттарга номинацияларды ыйгарып, конференцияны жыйынтыктады.

Тарбиялык иштери

  2021-2022-окуу жылынын башында бөлүмдүн тарбиялык иштери боюнча орун басары Ираббай кызы Айзирек дайындалып, жигердүү иш алып барууда. Жыл башында тарбиялык иш план түзүлүп, ошонун негизинде иш жүргүзүп келет. Тайпаларга кураторлор жана старосталар бекитилип, иш пландары түзүлгөн. Студенттер арасында студенттик сенат түзүлүп, тарбиялык иштери боюнча орун басары менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Студенттердин сунушу менен ар жумада мыкты тайпалар аныкталып, көчмө «Билим кубогу» берилип турат. Коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге ардак грамоталар, дипломдор  жана орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон ата-энелерге ыраазычылык каттар берилет. Студенттер институттук жана шаардык иш-чараларга активдүү катышат. Ар жуманын бейшемби күнүнүн 7-саатында куратордук сабактар өтүлөт. Сабакты көп калтырган студенттер менен иш алып барылат. Жашаган жерлеринен кураторлор тарабынан рейд жүргүзүлүп турат. Аялдар кеңеши ар жума сайын чогулуштарды уюштуруп, кеп кеңештерин берип турушат. Участкалык инспекторлор студенттер менен маал-маалы менен жолугушууларды уюштурушат.

Институттук, университеттик, шаардык деңгээлде өткөрүлгөн конкурстарга активдүү катышышып, байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Президентибиздин жарлыгына ылайык көрктөндүрүү максатында тайпаларга жер тилкелери бөлүнүп берилип, көрктөндүрүү конкурсу да уюштурулган. Студенттерибизге стимул берүү үчүн бөлүмдүн ичинде ар түрдүү жумалыктар, конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер берилет.