2022-жылдын 13-апрель күнү БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаевдин демилгеси менен Ош декларациясынын алкагында, академиялык мобилдүүлүк боюнча ОшМУнун Юридика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттеринин БатМУнун окутуучулары жана студенттери менен тажрыйба алмашуу иш-чарасы жана конок лекциялар уюштурулду. Алгач, коноктор БатМУнун ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдун кабыл алуусунда болуп, андан соң окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Иш-чаранын жыйынтыгынды БатМУнун Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., профессор М.Д.Айдарова жана Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетинин деканы ю.и.д., профессор Г.К.Кулдышева меморандумга кол коюшту. Ошондой эле келген конокторго сертификаттар тапшырылып, “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музей комплексине жана “Айгүл-Тоо” ботаникалык коругуна экскурсия уюштурулду.