2022-жылдын 8-9-апрель күндөрү Кадамжай районунун билим берүү бөлүмүнө караштуу орто мектептердин мугалимдери арасында “Жылдын мыкты мугалими -2022” кароо-сынагы болуп өттү.

Сынакты баалоо үчүн БатМУ КГПИнин кыргыз тили жана тарых кафедрасынын ага окутуучусу Фарида Кайымова калыстар тобунун төрайымы милдетинде жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Гулчехра Даврановалар калыстар тобунун мүчөсү катары иш алып барышты. Ал эми иш-чаранын жыйынтыгында конкурсту адилеттүү, так, объективдүү баалап, мыктылардын ичинен мыктыларды тандоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Орозбаев тарабынан калыстар тобунун ар бир мүчөсүнө ыраазычылык кат берилди.

Баса белгилеп кетчү жагдай, кароо-сынакка чыккан катышуучулардын көпчүлүгү БатМУ КГПИнин бүтүрүүчүлөрү болду. Муну менен чөлкөмдү билим берүүчү мекемелерди жогорку билимдүү кадрлар менен камсыздоодо КГПИ өз миссиясын аткарып жаткандыгын белгилеп коюу зарыл.