2022-жылдын 14-апрелинде Америка бурчунда Баткен мамлекеттик университетинин студенттери жана БУУнун Аялдар уюмунун кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында кызматташуу жана тынчтыкты орнотуу мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалдуу чечимдери тууралуу диалогдук жолугушуу болуп өттү.


Бул жолугушуунун максаты – Баткен облусунун жаштары менен коомдук ынтымакты чыңдоо, ынтымактуу кошуначылыкты жана тынчтыкты чыңдоо максатын көздөйт.

Бул жолугушуу дизайн ой жүгүртүүнүн инновациялык методологиясынын элементтерин колдонуу менен уюштурулган. Талкуунун жүрүшүндө жаштар негизги көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун биргелешип аныктоо процессине катышышты, алар негизинен өздөрүнүн тажрыйбасына жана креативдүү идеяларына, анын ичинде күтүлгөн максаттарга жетүү ыктымалдыгын жогорулата турган жергиликтүү деңгээлде сыналган деталдарга таянышты.

Жаштар экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, чек ара аймактарында жергиликтүү мурастарды илгерилетүү/пайдалануу/сактоо, тынчтык орнотуу көндүмдөрүн жогорулатууга басым жасоо менен жалпы маданий баалуулуктарга негизделген жамааттар ортосунда достук жана тынчтык мамилелерди куруунун жолдорун талкуулашты.