2022-2023- жаңы окуу жылына Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту 2022-жылдын 27-апрель күнү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Ачык эшиктер күнүн» жарыялайт! Программада окуу жайдын билим берүү багыттары боюнча кеңири маалыматтарды чагылдырган жарманке, окуу техникалык базасы менен таанышуу экскурсиясы жана таланттуу студенттердин концерти орун алмакчы. Андыктан келип окуу жай жөнүндө маалымат алып, таанышып кетиниздер. Биз сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!