БатМУнун Окуу усулдук кеңешинин мүчөлөрү үчүн ” Убакыт ченеми, жекече иш пландарды, КР нын Билим берүү жана илим министирлигинин 498/1 26-июнь 2020-жылдагы буйругунун аткаруу” аттуу семинар өтүү;
Адистиктердин жана дисциплиналардын окуу–усулдук колдонмолор жана анын иштелмелери менен камсыз болушун көзөмөлдөө
БатМУнун Окумуштуулар кеңешинде жана ректордун алдындагы кеңешмеде талкуулоо үчүн окуу процессине байланышкан маалыматтарды даярдоо
БатМУнун Окуу-усулдук кеңешмесинин иш-планына ылайык каралуучу маселелер боюнча материал даярдоо, түрдүү жоболорду, иштеп чыгууга катышуу, билим берүү багыттарынын жана адистиктердин окуу пландарын иштеп чыгуу
Факультеттердин модулдук жумалыкка жана зачеттук–сынактык сессияга даярдыгын текшерүү жана алардын өтүлүшүн көзөмөлдөө
Студенттердин зачеттук–сынактык сессия мезгилинде академиялык карыздарынын себебин аныктоо жана аны жоюунун жүрүшүн текшерүү
Күндүзгү жана сырттан окуган студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлдөө
Окутуучулардын сабактарды үзгүлтүккө учуратпоосун, иштөө графигине ылайык эмгек дисциплиналарын көзөмөлдөө
Зачеттук–сынактык сессиянын жыйынтыгы боюнча деканаттар тарабынан бюджеттик негизде окуган студенттер боюнча билдирүүлөрдүн өз убагында берилишин көзөмөлдөө
Бардык окуу–түзүмдүк бөлүмдөрдөгү даярдалуучу билим берүү багыттары жана адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын (МАК) курамын түзүү
Студенттердин билим сапатын текшерүү максатында мониторинг жүргүзүү
Кесиптик багыттык жана кесиптик базалык практикалардын жыйынтыгы боюнча конференциялардын өтүлүшүн көзөмөлдөө
Группалык журналдардын туура толтурулушун көзөмөлдөө
Кафедралардагы иш кагаздарынын абалын текшерүү
КРнын ББИМнин билим берүү программаларын лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча, билим берүү процессин текшерүү боюнча комиссияларына, башка жергиликтүү органдардын билим берүү маселелери боюнча түзүлгөн комиссияларына маалымкаттарды даярдоо
КРнын ББИМ, башка жергиликтүү органдар тарабынан келген каттар боюнча маалыматтарды даярдоо
Факультеттерде (колледждерде) “Кыргыз тили жана адабияты ” , ” Кыргызстандын тарыхы жана Кыргызстандын географиясы” дисциплиналар аралык мамлекеттик аттестациялык сынакты өткөрүү, көзөмөлдөө жана жыйынтыктоо
БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана университеттин 2020–2021-окуу жылынын I жарым жылдыгы жана окуу жылынын жыйынтыгы боюнча отчетун даярдоо жана Окумуштуулар кеңешинде талкуулоо