Бүгүн 27- апрель БатМУ КТЭУИнин чоң залында АБИТУРИЕНТ- 2022 аттуу “Ачык эшик” күнү жогорку денгээлде өткөрүлдү. Ачык эшикке Кызыл- Кыя шаарынан ,Араван районунан, Ноокат районунан жана Кадамжай районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү келишип биздин окуу жайыбыздын окуу корпустары жана материалдык техникалык базалары менен таанышып, окуу жайдын студенттери тарабынан даярдалган концерттик программага ошондой эле Дизайн тайпасынын студенттери тарабынан тигилген көргөзмөгө жана окуу жайдын студенттери окуу жайлар арасында жана республикалык деңгээлде болуп өткөн спартакиада жана спорттук оюндарга катышып алган медаль,дипломдорго күбө болушту.Ачык эшик өтө чоң деңгээлде жакшы өттү, анткени ОКББ бөлүмүнүн жана Бакалавр бөлүмүнүн ар бир кафедрасы көргөзмөлөрдү уюштуруп келген окуучулар менен кызыктуу суроо жооптор болду.


Биздин бүгүнкү өткөрүлгөн “АБИТУРИЕНТ- 2022” аттуу иш-чарага салымын кошкон Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Джамалидиновна жана райондук билим беруу жетекчилерине жана мектеп директорлоруна БатМУ КТЭУИнин жетекчилиги тарабынан чоң ыраазычылык билдиребиз