2022-жылдын 11-майында Ош шаарында “Билими күчтүү миңди жыгат” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэринин кубогунун финалдык туру болуп өттү. Бул сынакка Баткен мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган “Биримдик” командасы да катышып келди.

Региондор аралык интеллектуал жаштардын ынтымак, достук, биримдигин чыңдоо, жаштарды китеп окууга тартуу жана кызыктыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу максатын көздөгөн бул таймашта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 8 команда күч сынашты.

Жыйынтыгында байгелүү орунду камсыз кылган командалар дипломдор жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Мындан сырткары таймаштын катышуучулары үчүн уюштуруу тобу тарабынан Ордолуу Ош шаарындагы тарыхый жайларга саякат уюштурулду.