Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинин Магистратура бөлүмү тарабынан уюштурулган “Натыйжалуу илим-изилдөө – өлкө келечегине өбөлгө” аттуу темада илимий семинар болуп өттү. Ага профессордук-окутуучулар курамы жана магистранттар катышты.

Иш-чараны БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов ачып, БатМУнун эмгек жамааты Баткен чөлкөмүндөгү жаштардын заман талабына ылайык жогорку билим алуусу үчүн тынымсыз аракеттерди жасап жаткандыгын белгилеп, илимий семинардын ишине ийгиликтерди каалады.

Илимий семинарда БатМУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., Мурзалиева А.Ш. «Илимий стилдин талаптары жана өзгөчөлүктөрү», т.и.к., доцент Кадыров А.А. «Илимий макалага коюлган талаптар», п.и.к., доцент Айдарова М.Д. «Магистрдик даражанын өзгөчөлүгү жана магистранттын компотентүүлүгү”, т.и.к. Шеров Ш.Б. “Магистрдик диссертацияны жазуу эрежелери”, Магистратура бөлүмүнүн башчысы б.и.к. Момунова Г.А “Өндүрүштүк практиканы өтөөнүн эрежелери” аттуу темада баяндама жасашты.

Семинарга жалпысынан 50дөн ашуун магистранттар катышып, тиешелүү суроолоруна жоопторду алуу менен пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.