БатМУнун Көп тармактуу колледжинде 9-май “Улуу жеңиштин 77жылдыгына” карата тайпалар арасында уюштурулган кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. Турнирге ар бир тайпадан өзүнчө командалар катышып, оюн жогорку деңгээлде өттү. Турнирдин жыйынтыгы менен жеңген командаларга жана мыкты оюунчулар жетекчилик тарабынан Диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланып, колледждин директору: А.Т.Алишеров “Ден соолуктун булагы болгон спортко биздин окуу жайда дайыма өзгөчө көңүл бурулаарын баса белгилеп, мындан ары да мындай спорттук иш чараларга жетекчилик жакындан колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.”