Кыргыз Республикасынын «Билим жөнүндөгү» мыйзамына, «Бюджеттик каржылоодогу кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндөгү» жобого жана Баткен мамлекеттик университетинин ички укуктук-ченемдик документтерине негизделип иштелип чыккан Жобого ылайык БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү профессордук-окутуучулар курамы аттестациядоодон өттү.

Профессордук-окутуучулар курамын аттестациядан өткөрүү үчүн БатМУнун окуу иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент Миралык кызы А. баштаган 11 адамдан турган комиссиянын курамы алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, 2022-жылдын 12-16-май күндөрү иш алып барды.

Окутуучуларды аттестацияоодон өткөрүүнүн максаты ар бир окутуучунун иштеген ишине карата кошумча эмгек акы төлөп берүү менен алардын сапаттык көсөткүчүн жогорулатуу, материалдык колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.