Бүгүн 17.05.2022-ж. Баткен мамлекеттик университетине КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич иш сапары менен келди.

Эдил Байсалов алгач Баткен мамлекеттик университетинин материалдык-техникалык базасы, студенттердин билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар жана окуу жайда жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Ошондой эле БатМУнун жалпы профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуп, билим берүү кызматкерлерине бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын айтып, мындай колдоолор мындан ары да улана берерин баса белгиледи. Мугалимдер үчүн материалдык, моралдык колдоолорду күчөтүү менен сандан сапатка өтүү максатында талапты да күчөтүү зарылдыгын айтып өттү.

Жолугушууда КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго окутуучулар тарабынан бир топ суроолор берилип, тиешелүү жоопторду ала алышты.

Соңунда БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов жалпы окутуучулар курамынын атынан Эдил Байсаловго терең ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди каалады.