И.Арабаев атындагы КМУда «XXI КЫЛЫМДЫН КАДРЛАРЫ» аталышындагы Республикалык ЖОЖдор арасындагы студенттик демилгелер форуму өтүүдө

Бүгүн Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы Республикалык жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат.

Форум агартуучу жана коомдук ишмер И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналып, ага КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлзада Билбаева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева жана бир катар жогорку окуу жайлардан окумуштуулар, изилдөөчүлөр, студенттер катышууда.

Аталган иш-чарага Баткен мамлекеттик университетинен Илим жана уюштуруу боюнча проректор, б.и.к., доцент А.А.Саматова, Уюштуруу, тарбия жана жаштар департаментинин башчысы А.Ы.Кунназаров жана демилгелүү студенттер катышып, жаштар тарабынан БатМУнун тарыхы, жетишкендиктери, окуу жайда студент жаштар үчүн түзүлгөн шарттар жана алардын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасалды.