Бердибаева Жанаргүл Осмоновна 2016-жылдан бери КЭУТИ БатМУнун медициналык борборун башкарып келип жатат. Өз ишинин чебери, 2020-жылы “БатМУнун мыкты кызматкерлери” номинациясынын жеңүүчүсү болуп, ардактуу биринчи орунду ээледи. Медициналык борбор бардык керектүү шаймандар жана дары-дармектер менен жабдылган. Медициналык пункт жалпы жобо негизинде жана 3 багытта иш алып барат:

     – алдын алуу чаралар (эмдөө, медкароо)

     – дарылоо иштери (1-Медициналык жардам көрсөтүү)

     – санитардык агартуу иштери (лекция, сүйлөшүү)