Бүгүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында уюштурулган “УНИВЕРСИАДА – 2022” спорттук мелдешинде жана “Аймактык ЖОЖдор аралык IX чакырылыштагы олимпиадада” жеңишке жеткен Баткен мамлекеттик университетинин студенттерин жана алардын жетекчилерин сыйлоо аземи болду.

Иш-чараны БатМУнун ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязов ачып жатып, быйылкы окуу жылында окуу жайда материалдык-техникалык базаны чыңдоо, студенттердин билим алуусу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү багытында тынымсыз иштер жасалып, ал аракеттер көп кечиктирбей жыйынтын берип жаткандыгын белгилеп, жогорудагы мелдеш-жарыштарда студенттердин жеңишке жетишүүсү университетибиздин беделин көтөрүү менен зор сыймык алып келгендигин айтып өттү.

Андан соң универсиада, олимпиадада 1-2-3-орундарды камсыз кылган студенттер жана алардын жетекчилери дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңуңда талантуу окутуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт болду.