Кафедранын кыскача тарыхы. Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн алдында 2009-жылдын 1-октябрында №12/1 §6 буйругунун негизинде “Кесиптик дисциплиналар” секциясы түзүлгөн. Секция башчысы болуп ага окутуучу Ч.А.Мадиярова, секция башчысынын орун басары Г.С.Султанова, ага лаборант Ж.А.Маткаримова дайындалган.

      “Кесиптик дисциплиналар” секциясында жалпы 33 окутуучу эмгектенип, анын ичинен 1 эл агартуунун отличниги, 1 доцент, 2 кандидат, 2 ага окутуучу жана 27 окутуучу эмгектенишкен.

      2010-2011-окуу жылынын 22-октябрынан баштап Ч.Мадиярова ОКБББнын башчысы,  Г.Султанова кесиптик дисциплиналар секциясынын башчысы болуп дайындалды. Ага лаборант Ж.Маткаримова дайындалды. Секцияда жалпы  26  окутуучу эмгектенет. 1 доцент, 5 ага окутуучу, 20 окутуучу.  2011-2012-окуу жылында секцияда 30 окутуучу эмгектенген. 2012-2013-окуу жылынын 1-сентябрында секция башчысы кызматына Б.Исманалиева дайындалып иштеген. 35 окутуучулук курам эмгектенип, 23 окутуучу штаттык орунда, ал эми 12 окутуучу орундаштыкта эмгектенишкен. Анын ичинен 2 окутуучу КРдин министрлигинин Ардак грамотасы, 4 окутуучу областык деңгээлдеги Ардак грамота, 6 окутуучу шаардык мэриянын грамотасы менен сыйланып, 5 окутуучу өз билимин өркүндөтүү боюнча стажировкадан өтүп келишкен. Туруктуу штаттык орунда 23 окутуучу, ар кандай ставкалык көлөм менен орундаштыкта 12 окутуучу эмгектенет. 2013-2014-окуу жылынан баштап секция башчысынын орун басары Г.Нурдинова дайындалган. Секцияда учурда 30 окутуучу эмгектенип, 21 окутуучу штаттык орунда, 9 окутуучу орундаштыкта иштешкен. Алардын баары жогорку билимдүү. Анын ичинен: 3 окутуучу КРдин министрлигинин Ардак грамотасы, 8 окутуучу областтык деңгээлдеги Ардак грамота, 7 окутуучу шаардык мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал эми 7 окутуучу өз билимин өркүндөтүү боюнча стажировкадан өтүшкөн.

      2014-2015-жылынан баштап секция башчысы катары И. Ураимов жетектеген. Ошол жылдары 29 окутуучу эмгектенип, 21 окутуучу штаттык орунда, 8 окутуучу орундаштыкта иштешкен. Алардын баары жогорку билимдуу. Анын ичинен: 3 окутуучу КРдин министрлигинин Ардак грамотасы, 8 окутуучу областтык деңгээлдеги Ардак грамота, 2 окутуучу шаардык мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал эми 5 окутуучу өз билимин өркүндөтүү боюнча стажировкадан өтүшкөн.       2015-жылдын 1 –январынан баштап секцияны X. Р. Таиров жетектеп келген. 2018-жылдын 1 –ноябрынан баштап саат көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу секцияны бөлүү максатында кафедраларга бөлүнүп ректордун №03-20/127 буйругунун негизинде, «Педагогика жана психология», «Гуманитардык илимдер» кафедрасы болуп кайрадан түзүлдү. «Педагогика жана психология» кафедрасына К.А.Мейманова кафедра башчы болуп дайындалды. Кафедрага таандык 16880 саат окуу жүктөмү бекитилген. 2018- 2019-окуу жылында 23 окутуучу эмгектенип, 11 окутуучу штаттык орунда, 12 окутуучу орундаштыкта иштешкен. Алардын баары жогорку билимдүү. Анын ичинен:2 окутуучу КРдин министрлигинин Ардак грамотасы, 3 окутуучу областтык деңгээлдеги Ардак грамота, 2 окутуучу шаардык мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал эми 12 окутуучу өз билимин өркүндөтүү боюнча стажировкадан өтүшкөн. 2021 жылдын 15 сентябрынан кафедра №03-21/121 буйругунун негизинде «Башталгыч жана мектепке чейинки билим беруу» кафедрасы болуп өзгөргөн жана ушул наам менен иштеп келүүдө.

Окуу жана окуу-усулдук иштер. Жогоруда белгиленген багытта  билим берүү ишмердүүлүгүн  жүргүзүү  үчүн  окуу планы  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү тууралуу” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү аныктаган тартиптеги билим берүү алкагындагы жана башка дагы нормативдик, укуктук актыларына ылайык, Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик билим берүү стандарттарына (2018-жылдын 30-июнундагы №592/1,  2018-жылдын 28-августундагы №556/1(Об утверждении требований к структуре,  трудоемкости и обязательному минимуму содержания дисциплин),  2018-жылдагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигин алдындагы окуу- усулдук бирикменин жобосуна   ылайык  иштелип чыккан

Кафедранын штаттык курамы:

Ф.А.А.ээлеген кызматы
 1Мейманова Күмүшай  АбдуманнаповнаКафедра башчысы
 2Турдембетов Абдулла ХамдамовичОкутуучу
 3Жоошев Абдувап КаразаковичОкутуучу
 4Эргешова Өмүркан ЖолчуевнаОкутуучу
 5Насырова Дамира СадировнаОкутуучу
 6Эгембердиева Гульнара ГаныевнаОкутуучу
 7Султанова Фарида АбдурахманжановнаОкутуучу
 8Акпарали у ТынчтыкОкутуучу
9Сүйүнбек к ТахминаИш жүргүзүүчү

Кафедранын профессордук- окутуучулук курамынын сандык жана сапаттык көрсөткүчү төмөнкүдөй:

2021-2022- окуу жылы
кафедранын аталышыОкутуучуИш жүргүзүүчүжалпы саны
Башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү819
пайыздык көрсөткүч:89 %11 %100 %

      Окуу –   усулдук иштер. Кафедрада атайын түзүлгөн номенклатуранын негизинде кафедралык иш кагаздар, окуу-методикалык иштер жүргүзүлөт. Кафедранын штаттык формуляры жана штаттык расписаниелери түзүлүп бекитилген. Саат жүктөмдөрү, сводная ведомосттор атайын папкаларга тиркелген. Мугалимдердин жекече иш пландары толтурулган. Өз ара сабактарга катышуу жакшы жолго коюлган. Институт жана факультеттер тарабынан чыгарылган чечимдер кафедранын окутуучулары тарабынан өз убагында талкууланып, тийиштүү чаралар көрүлүп турат. Кафедранын мүчөлөрү коомдук жумуштарга активдуу катышышат. Кафедра мүчөлөрү тажрыйбалуу окутуучулар Мейманова К., Насырова Д., Эргешова Ө. жана башка агайлардын ачык сабактарын уюштуруп катышып, кафедра окутуучулары өздөрүнүн тажрыйбаларын арттырууда. Ал эми тажрыйбалуу педагогдор өздөрүнүн окуу-методикалык китептерин жазышып, басмадан чыгарууга жетишишкен.

Окуу жараянына AVN маалыматтык системасы орнотулуп, ага тиешелүү документтердин (окуу пландары, сааттардын эсеби, студенттер жана окутуучулар тууралуу маалыматтар, жетишүү ведомосттору, тесттик суроолор, жумушчу программалар, силлабустар, ж.б.) жүктөлгөн жана окуу процессин толук автоматташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Студенттерди окутууда окутуунун модулдук-рейтинг системасын колдонуу жакшы жолго коюлган. Семестр ичинде түзүлгөн графиктин негизинде окутуучулар  студенттерден модулдарды кабыл алышып, алардын билимдерин балл менен баалап турушат. Окутуучулар тарабынан студенттерге өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берилип турат жана алардын жыйынтыктары текшерилет.

      Өндүрүш менен байланыштар. Кафедра социалдык-экономикалык билим берүү жана башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү  багыттары боюнча тейлегендиктен Кызыл-Кыя шаарынын БББ, Ноокат РБББ, Кадамжай РБББ, Араван РБББ менен тыгыз байланышта иш алып барат, алар менен атайын үйрөнчүк практикаларды, педагогикалык практикаларды, мамлекеттик практикаларды  өткөрүү максатында келишимдер түзүлгөн. Аймактагы жалпы орто мектептер менен жекече да келишимдер бар.

Илим – изилдөө  иштери. Кафедранын окутуучулары Мейманова К.А.  И. Арабаев атындагы КМУнын аспирантурасынын 2-курсунда окуусун улантып келүүдө. «Педагогикалык колледждерде заманбап технологияларды сабак учурунда колдонуу» аттуу кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатат.

      Кафедранын окутуучусу А.Ф.Султанова Онлайн окутуу жараянында «Кенже класс окуучуларынын инсандык калыптануусундагы тосколдуктар жана аларды чечүүнүн жолдору» (Препятствия в личностном развитии младших школьников в процессе онлайн обучения и пути их решения), (The obstacles in personal development of young pupils in the process of onlaine learning and their solutions) деген макаласы жарык көргөн. Ал эми Жоошев Абдувап Каразаковичдин  «Жогорку класстын окуучуларын көчмөндөр оюндары аркылуу улуттук активдүүлүгүн калыптандыруу», Акпарали у Тынчтыктын «Көчмөндөр оюнунун өтүшү жана улуттук дене тарбиянын өнүгүшү» аттуу жазган макалалары атайын жыйнакта жарык көрдү. Кафедранын окутуучулары илимий-методикалык конференцияларга жана семинарларга активдүү  катышып келүүдө. Ар бир окутуучу илим-изилдөө иштерин жандандыруунун үстүндө эмгектенишет. “ Башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынын  илимий темалары:

Окутуучулар Ф.А.ЖКызматы Илимий темалары
1Мейманова К.А.Кафедра башчыПедагогикалык колледждерде заманбап технологияларды сабак учурунда колдонуу
2Жоошев А.К.ОкутуучуЖогорку класстын окуучуларын көчмөндөр оюндары аркылуу улуттук активдүүлүгүн калыптандыруу
3Султанова Ф.А.ОкутуучуКенже класс окуучуларынын инсандык калыптануусундагы тосколдуктар жана аларды чечүүнүн жолдору
4.Акпарали у Т.ОкутуучуКөчмөндөр оюнунун өтүшү жана улуттук дене тарбиянын өнүгүшү