Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун китеп фонду тууралуу

МААЛЫМАТ

Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун китеп фонду 54736 даана китепти түзөт. Жалпы суммасы 3966212 сом.

Окуу корпустарындагы 2 китепканада 60 орундуу окуу залы бар. Бул окуу залдары жасалгаланып, компьютерлер менен камсыз кылынган. 2021-2022-окуу жылындагы китепканалык көрсөткүч төмөнкүдөй: окурмандардын саны  – 1200, китептин берилиши 12410, студенттердин саны – 1233, катышуунун саны –10100, китептин айланышы – 0.23, окулушу – 1,22, китеп менен камсыздалуусу – 42.6, катышуу – 5,32, берилиши – 16410, китептин саны – 54736.  китепканалардын жалпы аянты – 244,3 кв.м, китепкана кызматкерлеринин саны – 4, билимдери жогорку билимдүү кызматкерлер.

Китепканада ар бир абононенттин өз алдынча китептер жана журналдар менен иштөөсүнө ынгайлуу шарттар түзүлгөн. Институттун  китепканасында 6 компьютер орнотулуп анда, интернет түйүнүнө чыгууга, Wi-fi колдонууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн, электрондук китепкана кызмат кылат. Андан сырткары, жалпы суммасы 45,075 сомду түзгөн 107 электрондук китептин компакт дисктери билим берүүнүн бардык багыттарына (философия, экология, «международное право», тарых, финансы жана менеджмент, педагогика, орус тили жана адабияты, англис тили, инф.технология, психология, криминалистика жана башкалар) сатылып алынган.

Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институнун китепканасы заманбап изилдөөгө жана окуу чөйрөсүнө ыйгаштырылып курулган. 1996-жылдан бери кызмат кылып келе жаткан китепканабыздын максаты ар түрдүү багыттарда изилдөө жүргүзгөн илимпоздордун, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин билим алуусуна, изилдөөлөрүнө жана жалпы маданий керектөөлөрүнө жардам берүү болуп эсептелет. Китепканабыздын фонду сатып алынган маалымат булактары менен күндөн-күнгө байытылууда.

Китеп фонду институттун окуу программаларына ылайыкталган китептер менен камсыз болуп, окутуучулар тарабынан усулдук жардамдар катары ар бир сабакта колдонулат.

Азыркы күндө окуу жайыбыздын китепканаларынын китеп фондун жаңы басылыштагы китептер менен улам толукталып, жабдылышына өзгөчө мамиле жасалууда. Мисалга алсак, акыркы беш жылда (2017-2021- окуу жылдарында) 1507даана китеп, жалпы суммасы 306803 сомду түзгөн, окуу процесстерине керектелүүчү бардык тармактар үчүн китептер сатылып алынды. Окуу жайыбыздын кызматкерлеринин илимий чыгармалары, монографиялары, көркөм басылмалары жана усулдук колдонмолору менен китеп фонду толукталган. Республикалык ЖОЖдордун кабарлары, окумуштуулардын эмгектери жана чыгармалары фонддо орун алган. Аспирант жана илим-изденүүчүлөр үчүн бурч түзүлгөн. Диссертацияны жазуу, жасалгалоо жана керектүү документтер менен толуктанышы көрсөтүлгөн. Китепканадагы жана окуу залындагы ички иштерди уюштуруу, студенттерди китепканага тартуу учун китепкананын кызматкерлери дайыма изденүүнүн үстүндө жана китеп окуучуларды китепке тартуу учун ар кандай жолугушууларды жана көргөзмөлөрдү өткөрүп келет.

Окуу жайыбыз жыл сайын Кыргызстан менен Россиялык басылмалар, газета-журналдарга жазылууну жүргүзүп келет. Ар бир алты айлык газета-журналдарга жазылуунун жалпы суммасы бардыгы болуп 57375 сомду түзөт. Жазылуулардын аталыштары жалпысынан 21 түрдүү экендигин белгилеп кетсек болот. Массалык маалымат иштерди иш план боюнча өз убагында жүргүзүлүп турат.

Китепкананын максаты институттагы билим берүүдө жогорку сапатты камсыз кылуу менен, биргеликте аны ишке ашыруу. Китепттерди толуктоо, китепттерди сапаттуу пайдалануу, студенттерди китепканага тартуу иштери колго алынган.