КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен уюштурулган “Дүйнөлүк ректорлордун форумунун” экинчи күнү КРнын жогорку окуу жайларынын жарманкеси менен уланууда.

Борбордон эң узак Баткен мамлекеттик университети да бул жарманкеден орун алып, дүйнөлүк билим берүүгө интеграцияланууну максат кылып жатат.

Ошондой эле жарманкенин жүрүшүндө КРнын мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович катышып, өнүгүү жолуна түшкөн БатМУга ийгиликтерди каалоо менен бирге студенттердин бизнес идеяларын колдоого аларын билдирип, Бизнес Инкубатордун ишине ийгилик каалады.

Мам.катчыга студенттердин колунан жаралган БатМУнун фирмалык баштыгы эстеликке белекке берилиди.