2023-жылдын 22-25-март аралыгында БатМУ КГПИнин базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Германиянын айыл-чарба жана финансы консалтинг компаниясы (AFC) менен биргеликте “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен​ ​уюштурулган “Жашыл экономика” аттуу семинар-тренинг жыйынтыкталды. Иш-чарага БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов келип катышып, уюштуруучуларга, тренерлерге ыраазычылык билдирип, катышкандарга ийгилик каалады. Бул тренинг БатМУ КГПИнин окуу-усулдук жана маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн практика боюнча адис Даовлатова Феруза Муктаровнанын демилгеси менен уюштурулуп, ага Баткен облусундагы жогорку окуу жайлар: БатМУнун башкы мекемеси, БатМУ КГПИ, БатМУ КЭУТИ, БатМУ СГЭИ жана Кызыл-Кыя шаарындагы колледждердин табигый илимдер боюнча адистери катышты. Ал эми Ф.Даовлатова аталган тренингде тренерлик кылды.

Тренинг экологиялык жана экономикалык көйгөйлөрдүн келип чыгуусу, алардын алдын алуунун жолдору жөнүндөгү маселелерди талкуулоо, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун изилдөө максаттарында уюштурулуп, ал өз максатына толук жетти. Катышуучулар абдан пайдалуу жана кызыктуу болгондугун белгилеп өтүштү.

Жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификат тапшырылды.