БатМУ, Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен өз ара кызматташуу жана тыгыз байланышты өркүндөтүү максатында таалим-тарбия жана билим берүү тармагында эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Келишимдин алкагында эки университеттин окутуучуларын, изденүүчүлөрүн, изилдөөчүлөрүн, студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды тажрыйба алмашуу боюнча иш жүргүзүшөт.

Ошондой эле, тараптар илимий байланыштарды чыңдоо максатында орток изилдөө проблемаларын аныктоо менен аларды чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашырышат.

Мындан тышкары, эки жогорку окуу жай өткөрө турган илимий жана маданий иш-чаралары (илимий-практикалык конференция, симпозиум, тегерек стол, семинар, студенттик олимпиадалар ж.б.у.с.) жөнүндө маалымат менен өз ара алмашып турушат жана мындай иш-чараларды биргелешип уюштурушат.

Ал эми эл аралык байланыштар жана кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө өз ара маалымат алышып, ошол мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууда бири-бирине көмөк көрсөтүшөт.

Келишимге ылайык илимий монография, аналитикалык билдирүүлөр, периодикалык жана башка түрдүү басылмалар, электрондук булактар менен өз ара алмашып турушат.