2016-жылдын 26-августунда Аспирантура, магистратура жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү болуп ачылган.

2017-жылдын 1-сентябрында Аспирантура, доктарантура жана магистратура бөлүмү болуп өзгөртүлгөн.

2021-жылдын 10-мартында Илим жана магистратура бөлүмү болуп өзгөртүлгөн.

2021-жылдын 1-сентябрында Магистратура бөлүмү болуп өзгөртүлгөн.

2022-жылдын 1-сентябрында Магистратура жана аспирантура бөлүмү болуп өзгөртүлүп, бул бөлүмдү б.и.к. доценттин м.а. Момунова Гүлзат Ачыловна жетектеп келүүдө.

         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын   29-декабрындагы  №1101/1   буйругуна ылайык, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде, 2020-жылдын 28-декабрындагы №19-2 протоколуна ылайык  Кесиптик билим берүү программалары (магистратура)  күндүзгү окуу формасы боюнча №D2019-0017  №2 кошумча лицензия  алынган. 

КР ББжИМнин 2022-жылдын  23-ноябрындагы  №2505/1   буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүү программалары (магистратура) сырткы окуу формасы боюнча №D2019-0017 лицензиясына №3 кошумча лицензия  берилип, төмөндөгү магистрдик программанын  багыттарын  даярдоого уруксат берилген:

  • 550700 – Педагогика;
  • 550100 – Табигый илимий билим берүү.
  • 550200 – Физика-математикалык билим берүү;
  • 550300 – Филологиялык билим берүү;
  • 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү;

2021-2022-окуу жылында күндүзгү окуу бөлүмүнө 74, 2022-2023-окуу жылында күндүзгү окуу бөлүмүнө 10, сырттан окуу бөлүмүнө 41  магистрант кабыл алынган.

Бүгүнкү күндѳ аталган бѳлүмдѳ  25 профессордук-окутуучулар иштеп, жалпы   125 магистрант окуп,  илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө.