Отурумда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминология комиссиясынын Баткен облусу боюнча эксперттик тобу жөнүндө ЖОБО жана Баткен облусу боюнча эксперттик тобунун курамы бекитилди.

Тилекке каршы, учурда терминологиялык башаламандык илим-билимдин бардык тармактарында кездешүүдө. Мындан улам социалдык-маданий, саясий жана экономикалык жашоо-турмушка, илим жана техниканын түрдүү тармактарына тиешелүү терминдерди кыргыз тилинин адабий ченемине ылайык иштеп чыгуу максатында Баткен облусу боюнча эксперттик топ түзүлдү.