Мамлекеттик жана саясий, коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгынын урматына Баткен Мамлекеттик Университетинде “Ааламдаштыруу доорунда коомду, билим берүүнү жана илимди туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап, санариптик трансформациялары: өткөндүн тажрыйбасы, учурдун мүмкүнчүлүктөрү, келечектин стратегиялары” аттуу эл-аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Эл аралык конференцияга Орусия, Түркия, Өзбекстандан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген делегациялар катышты. Ошондой эле, дүйнөнүн бир катар жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү онлайн форматта зуум аркылуу катыша алды.

Эл аралык конференция БатМУ менен ОшМУнун ортосунда уюштурулуп, анда пленардык баяндамалар, секциялык иштер жүрүп, илимий баяндамалар уктурулду. Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Конференциянын ачылыш аземинде окуу жайдын жетишкендиктери, студенттик стартаптар, мүмкүнчүлүктөрү жана аймакта өндүрүлгөн экологиялык продукциялардын, кол өнөрчүлүктүн, Баткен килеми жана сүрөт көргөзмөсү менен коштолду.