Билим берүү министри Б.Купешев жана БатМУнун ректору, профессор А.Гыязов чек ара аймактарында иш сапарында болду

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Баткен облусуна келди. Иш сапарынын алкагында чек ара аймактарында жайгашкан Ак-Сай, Орто-Боз, Кулунду жана Максат айылдарынын мектептерине барышты. Мектептердин абалы менен таанышып, эмгек жамааты менен баарлашты. ЖРТ баллын 90 баллга төмөндөтүү, турак жайлары өрттөнүп жабыр тарткан, тонолгон мугалимдерге көмөк көрсөтүү, студенттерге жеңилдик берүү, контракттык негизде окугандарга 100% акысыз окутуу сунушун билим берүү министри Б.Купешев жана БатМУнун ректору, профессор А.Гыязов да колдоду.

Министр иш сапарынын соңунда: «Ушул жерде билимдүү, эстүү, мекенчил улан-кыздарды тарбиялап жатканыңыздар үчүн сиздерге таазим кылам. Биз сиздерди унуткан жокпуз. Кандай маселе болбосун, кайрылыңыздар, колдон келишинче чечип бергенге аракет кылабыз», – деп айтты.