Кыргыз  Республикасында  жогорку  билим  берүүнүн  эң жаш өнүгүп келе жаткан  жогорку   окуу  жайлардын  бири — Баткен мамлекеттик  университети.  Бүгүнкү  күндө  Баткен мамлекеттик  университети   мамлекеттик үлгүдөгү дипломду бериш үчүн заманбап билим берүү, актуалдуу илимий — изилдөө  жана  маданий-массалык  баалуулуктардын  ордосу  болуу менен   жигердүү  өнүгүүнүн  жолунда.

image002

Баткен мамлекеттик  университети заманбап көп профилдүү илимий-билим берүүчү жана маданий-агартуучу, эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу боюнча кыйла тажрыйбасы бар уюм. Мында эркин рыноктун, акыйкат атаандаштыктын шарттарына ылайык ийкемдүү, үзүрлүү ишмердик кылуунун экономикалык модели иштелип чыккан жана ийгиликтүү ишке ашырылууда.

 

Билим берүү министрлигинин талабына ылайык Жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу максатында Баткен мамлекеттик университетинин ректорунун м.а. ф.и.к Г С Мусурманованын буйругунун негизинде 2014-жылынын сентябрында Сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмү болуп түзүлгөн. Бул бөлүмдү ага окутуучу Исмаилова  Асылгул Маликована жетектеп келүүдө.

Сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмү лицензияга ылайык төмөнкү окуу программаларын ишке ашырат:

                                                        Адистиктер: контракттык негизде

  •  Кыргыз тили жана адабияты  (жогорку, вакалавр )      –  18800
  • Орус тили жана адабияты        (жогорку, вакалавр )      – 18800
  • Тарых                                          (жогорку, вакалавр )      – 18800
  • Биология                                    (жогорку, вакалавр )       – 18800
  • Математика,                              (жогорку, вакалавр )        – 18800
  • информатика                             (жогорку, вакалавр )        – 21500
  • Финансы жана кредит              (жогорку, вакалавр )        – 21500

 

  • башталгыч били берүү усулу  (жогорку, вакалавр )      – 18800
  • Салык жана салык салуу          (жогорку, вакалавр )     – 21500                                         

 Сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмү  өлкөнүн  интелектуалдык  жана  илимий  өнүгүшүнө  жогорку  квалификациялуу  адистерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого,  мамлекеттин руханий, тарыхый жана  маданий мурастарын изилдөөгө олуттуу салымын кошуп келе жатат.

Акыйкатта,  Улуттук  университеттин  базасында  замандын  талаптарына  туура  келген  жогорку  билим  берүүнүн  бирдиктүү  системасы  түзүлгөн.  Анда  мамлекеттеги  жогорку  мектептин  мыкты  салттары   менен   дүйнөлүк  жогорку билим берүүнүн жаңы тажрыйбалары эриш-аркак  пайдаланылууда.

Сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмү  билим  берүү  түзүмдөрүн  өркүндөтүү  максатында  интеграция  жолу  менен  эл  аралык билим берүү программаларына ыкчам аралашуу аркылуу мамлекеттерди жана Кыргызстандын түндүк батышындагы аймакты өзүнө камтыган жогорку билимдүү кадрларды даярдоодо өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүүдө.